Пресс-борбор

Гемодиализге Кыргызстандын канча акча коротору айтылды

Эксперт бул саламаттык сактоо системасындагы каражаттын бир топ пайызы экенин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин жетекчиси Айбар Султангазиев Кыргызстан гемодиализге жылына 690 миллион сом короторун айтты.

Бул туурасында ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык борборунда "Кыргызстанда көмүскө трансплантология пайда болушу мүмкүнбү? ЖК депутаттарынын демилгеси жөнүндө" деп аталган тегерек столдун жүрүшүндө кеп кылды.

"690 миллион сом — милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу менен Саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен бюджети. Бул саламаттык сактоо системасындагы каражаттын арбын пайызы. Каражаттын бир бөлүгүн лабораториялык жабдууларды алууга жумшасаңар болот", — деп кеңеш берди Султангазиев.

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта бөйрөгү ооруган 134 адам гемодиализди жеңилдетилген шартта ала баштаган. маалыматты бул жерден окусаңыз болот.