Нарындан көчүп келген аксакал көп кабаттуу үйдүн тегерегин тазалап сыйланды. Сүрөт

Он күн ичинде аксакал үйдүн жанындагы таштандыны чыгарып, арыктарды тазалап, бак-дарактар менен таштарды актап чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 70 жаштагы аксакал Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосун жалгыз тазалап чыккандыгын мэрия Facebook тармагындагы сайтында кабарлады.

Алгач маалыматты аксакалдын коңшусу Лариса Левитус социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Биздин короого сонун Төлөн-Толик аттуу коңшу көчүп келди. 70 жаштагы аксакал Нарындан экен. Он күн ичинде үйдүн жанындагы таштандыны чыгарып, арыктарды тазалап, бак-дарактар менен таштарды актап чыккан. Селсаяктардын келиши кан буугандай токтоду. Эми үйдүн жанындагы көк майсаңда жаштар, балдар эс алып калды. Муну бир нече жылдан бери 60 батирдин ээлери жасай албай келген. Акча деле сураган жок. Кол араба сурады эле сатып бердик. Андан сырткары, бир аз акча чогулта алдык. Төлөн баарыбыз үчүн үлгү болду", — деп жазган ал аял.

Аксакалга Бишкектин вице-мэри Рыспек Сарпашов ырахматын айтып, ыраазылык кат тапшырган. Андан сырткары, бакчага керек болуучу буюм-тайым жана кол арабага керектүү каражат бергени айтылды.