Бишкекте Айтматовдун элеси түшкөн стела орнотулду. Сүрөт

Белек Россиянын Свердлов облусунун губернатору тарабынан берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн стела пайда болгонун шаардын мэриясы билдирди.

Символикалуу белек Россиянын Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев тарабынан берилген. Аны Россиянын скульпторлор ассоциациясынын жана куюучу чеберкананын жетекчиси Иван Дубровин менен коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын демилгелегени айтылууда.

Москвада жашаган мекендештер Айтматов атындагы сейил бакты тазалашты. Сүрөт
Стела борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын маңдайкы бетине коюлат. Колодон куюлган эмгек Екатеринбург шаарындагы "Иван Дубровин" цехинде жасалган.

Стеланы ачуу салтанатына Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Биринчи Май районунун акими Токтосун Султанов, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Дамир уулу, Маданият башкармалыгынын жетекчиси Урмат Белекбаев, жазуучунун уулдары Аскар жана Элдар Айтматовдор, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова, Россиянын скульпторлор ассоциациясынын жана куюучу чеберкананын жетекчиси Иван Дубровин катышат.