Табышып койгула! Таласта 14 жаштагы кыз жоголду. Сүрөт

Такталбаган маалыматтар боюнча өспүрүм Бишкектеги ЦУМга бир нече ирет барган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Талас шаарында 14 жаштагы Гаухар Абасбекова үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен кабарлашты.

Өспүрүм 2019-жылдын 17-апрелинде саат 07:40та үйүнөн чыгып кеткен. Ал кочкул кызыл күрмө, көк юбка, кара бут кийим кийип, кызыл рюкзак көтөрүп жүргөн. Көз айнек тагынат. 

Табышып койгула! Таласта 14 жаштагы кыз жоголду. Сүрөт

Бою 165 сантиметр, чымыр денелүү, чачы-көзү кара. Такталбаган маалыматтар боюнча өспүрүм Бишкектеги ЦУМга бир нече ирет келген. Талас облустук ИИБ Абасбекова жоголгонун тастыктап, укук коргоочулар издөө иштерин аткарып жатканын билдиришти.

Кыздын туугандары менен милиция өспүрүмдүн дайын-дарегин билгендерди 0 775-07-47-20, 0 755-84-44-47 номерлерине же 102 кызматына кабарлоого чакырат.