Шаикова Алина Кавылбековна — өмүр баяны

Алина Шаикова 1971-жылы 29-октябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.
Sputnik

Билими:

1994 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1995 – 1999 — Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча ага инспектору;

1999 – 2000 — "Кыргызмунайгаз" ишканасынын башкы экономисти;

2000 – 2004 — Финансы министрлигинин борбордук казыначылыгынын бөлүм башчысынын жетекчиси;

2004 – 2008 — Бишкек шаарынын Свердлов районунун казыначылыгынын бөлүм башчысы;

2009 – 2012 — Финансы министрлигинин "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасынын директору;

2012 – 2013 — Финансы министрлигинин борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары, финансы министринин орун басары;

2014 – 2015 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы;

12.2017 – 02. 2018 — Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору;

14.02.2018 – 19.04.2019 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы инспектору.