Радио

Кенжебаева: Ошто эгиз кыз төрөгөн эненин бизге койгон дооматы негизсиз

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева үч эм эмес, эгиз балдар төрөлгөндүгүн тастыктаган видео далил бар экендигин айтты.
Sputnik
Кенжебаева: Ошто эгиз кыз төрөгөн эненин бизге койгон дооматы негизсиз

Эгиз кыздарды төрөгөн эненин бизге койгон дооматтарын негизсиз деп эсептейм. Кандай иликтөө жүргүзүлбөсүн, күнөөбүз жок экенин далилдей алабыз. Бул тууралуу Гүлбара Кенжебаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу келинге толгоо токтотуучу дары эмес, дексаметазон уколу сайылган.

"Бала төрөлөөр алдында анын өпкөсү толук ачылсын деген максатта жогоруда аталган укол сайылган. Кош бойлуу келин аны толгоону токтотуучу дары деп туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн. Ал эми операция эненин толгоосу түн киргенде башталгандыгына байланыштуу тез арада жасалган. Келин УЗИ аппараттары көрсөткөндөй үч эм эмес, эки кызды жарыкка алып келди. Муну тастыктаган видео да бар. Биз баланы бирөөгө берип салып же дагы башка мыйзамсыз аракеттерди жасаган жокпуз. Бала уурдоо адам сатууга барабар экенин жакшы билебиз", — деди дарыгер.

Ал курсактагы түйүлдүктү УЗИ аппараты менен текшерүүдө "зеркальное отражение" деген түшүнүк бардыгын, анда бир түйүлдүк чагылышып экөө, же эгиздер үчөө болуп көрүнүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.