Кытайдын Кыргызстан аркылуу өтчү газ куурунун орду такталып бүтүп калды

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымды түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Кытайдын SINO-Pipeline International Company Limited компаниясынын башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кытайдын Кыргызстан аркылуу өтчү газ куурунун орду такталып бүтүп калды

Анын жүрүшүндө "Борбор Азия — Кытай" магистралдык газ түтүгүнүн негизги бөлүгү катары саналган "Кыргызстан — Кытай" газ түтүгүнүн курулуш долбооруна тийиштүү маселелер талкууланды.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымды түзөт. Ал жылына 30 миллиард метр куб газды өткөрө алат. Түтүк Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Кыргызстанга түз келген инвестициянын саны кыскарды. Графика
Мэн Фанчунь долбоордун ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын ичинен айыл чарба жана токой чарба жерлерин алуудан келтирилген чыгымдын ордун компенсациялоо, газ түтүгү кеткен трассанын боюндагы жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо процесстеринин жыйынтыкталып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Премьер жогорудагыдай биргелешкен маанилүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду келечекте биргелешип ишке ашыруу, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү ортосундагы кызматташтыктын кеңейишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан сырткары, "Кыргызстан — Кытай" газ түтүгүнүн курулушу Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин айтты. Муну менен катар долбоор өз мөөнөтүндө жана бардык экологиялык, техникалык ченемдер так сакталып, сапаттуу курулат деген ишенимин билдирди.