БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух ордо" маданий борбору менен биргеликте калпак боюнча республикалык сынак өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Иш-чаранын максаты — эркектердин салттуу баш кийимин жасоо ыкмаларын, өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, аны жасоо өнөрүн жандантуу, жайылтуу болуп саналат.
Сынак эки этаптан турат.
2-этапта "Рух ордо" маданий борборунда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлык тапшыруу аземи, мастер-класстар өткөрүлөт.
Сынактын талаптары:
— калпактын кийизи табигый жүндөн колго басылган болуусу шарт;
— кыйыгы, кыргагы жана чачысы табигый болуусу зарыл;
— кийиз жана кездеме табигый болбосо, сынакка катыша албайт;
— сынакка бардык уздар, сүрөтчүлөр, студенттер, ишканалар катыша алат;
— таберик катары сакталган калпактар — муундан-муунга өтүп үй-бүлөдө сакталып келген калпактардын тарых таржымалы жана өзгөчөлүктөрү дагы каралат;
— дизайнерлик калпактар — ой, сүрөт жана чыгармачылыкты бириктирип, жаңы замандын кандайдыр бир талаптарына ылайыкташтырылган, бирок ошол эле кезде табигый болушу шарт.
Иш-чара "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун кеңсесинде (Бишкек шаары, Таттыбүбү көчөсү, 92 дарегинде) жана Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух ордо" маданий борборунда болот.