Өзүн сыйлаган эркек баштык көтөрбөйт! Дасторкон четиндеги маданият тууралуу 5 пикир

Кечээ социалдык тармактарда конокко барган бир топ жигиттин дасторконго коюлган даамдарды талашып баштыкка салып жаткан видеосу тарады. Ал тургай кээ бири нанды тебелеп-тепсеп да жиберген. Жигиттердин бул кылыгы көпчүлүктү иренжитип, кыргыздын эркектери баштык көтөрүп, дасторконго "кол салбай" турганын жазып жатышты.
Sputnik

Эки сүйлөбөйт, беттегенин бербейт! Жигитчиликке карата 7 "болбойт"
Акыркы кезде той-топурдан баштык көтөрүп чыккан эркектерди көп көрүп калдык. Кадыресе көрүнүшкө айланып бараткандай... Атүгүл аны өөн көрбөй калган адамдар да бар.

Эркектин дасторконго "кол салып", баштык көтөрүшү кыргыздын каадасына канчалык туура келет? Негизи эле мырзалар дасторкон четинде кантип отурушу керек? Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги компетенттүү адамдардын ой-пикирин угуп көрдү.

Эркектердин баштык көтөрүүсү тууралуу кайсы респонденттин пикири жакса, сүрөттүн оң жагындагы белгини басып, добуш берсеңиз болот.