Радио

Абдылдаева: былтыр бүтүрүү кечелеринде бир да кырсык катталган эмес

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева мектептерде бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынгандан бери окуучулардын катыштыгы бар кырсыктардын саны кыскарганын айтты.
Sputnik
Абдылдаева: былтыр бүтүрүү кечелеринде бир да кырсык катталган эмес

2018-жылы мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечесине байланышкан бир да кырсык катталган эмес. Бул тууралу Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылга чейин мектепти аяктоо салтанатын өткөрүүдө бир жарым миң окуучу ар кандай кырсыктарга кабылган.

"2010-жылы Ош окуясына байланыштуу мектептерде бүтүрүү салтанаттарын өткөрүүгө тыюу салынган. Ошол жылы бүтүрүү кечелеринде кырсыкка кабылган окуучулардын саны кыскарды. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу бар. Жобо боюнча бүтүрүүчү класстын окуучуларына салтанаттуу линейкалар уюштурулуп, ал жактан аттестаттары тапшырылат. Бардык иш-чара күндүз өткөрүлүшү зарыл. Мындай аракеттер окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулуп жатат. Айта кетсек, 2018-жылы бүтүрүү кечесине байланышкан бир да кырсык катталган эмес. Бирок салтанаттуу иш-чараны өткөрөбүз дегендер да бар. Аларга биз корото турчу акчасын кайрымдуулукка жумушоону сунуштайт элек. Белгилей кетсем, бул жылы да бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө уруксат берилбейт", — деди Абдылдаева.

Ошондой эле ал министрликтин буйругуна карабай бүтүрүү кечесин өткөргөнгө уруксат берген мугалимдер жана ата-энелер жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.