Бишкектеги Чүй — Манас кесилиши көрктөндүрүлөт. Эскиз

Кесилиш металл тосмолор менен тосулуп, бак-дарак отургузулат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы Чүй менен Манас проспектилеринин айланасы жакшыртыларын маалымдады.

Буга чейин "Тазалык" ишканасы кесилиштин төрт тарабына улуттук стилдеги тосмолор орнотулганын айтышкан.

"Бишкекжашылчарба" эскизин жарыялады. Андан кесилиштин бардык тарабына газон төшөлгөнүн жана мрамор күкүмдөрүнөн жасалган саймаларды көрүүгө болот. Учурда ийне жалбырактуу бак тигилип, улуттук стилдеги тосмолор орнотулду.