Жумага карата аба ырайы

Кыргызстанда 19-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Май айында аба ырайы кандай болорун синоптиктер билдирди
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетип, абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Чүй жана Талас облустарында +18…+23 градус жылуу болору айтылды.

Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ош шаарында жаан чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +22...+24 градуска жетсе, Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +21...+23 градуска чамалап барат.