Санкт-Петербург: Валентина менен Антонина эл алдында шоу көргөздү

Санкт-Петербург шаарында 20-апрель күнү Антонина Шевченко беттешке чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. - Sputnik. 17-апрелде Санкт-Петербургда UFC on ESPN+ 7 турниринин катышуучулары ачык машыгуу өткөрдү.

Турнир ушул эле шаарда 20-апрель күнү өтөт.

Антонина Шевченко белгиленген 8 мүнөттө машыгуусун көрсөтүп, машыктыруучусу Павел Федотов менен кармашты.

Андан соң бир тууганы Валентина Шевченко менен спарринге чыгып чакан шоу көрсөткөн.

Алдыда боло турган беттеште Антонина америкалык Роксанна Модаффери менен күч сынашат.