Суудан 5 жашар баланы издеген куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн таап алышты

29 жаштагы эркек киши 15-апрелде үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Константиновка айылында сууга чөгүп кеткен беш жашар Барсбек Бектемировду издеп жатып, куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн таап алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине издөө иштерине тартылган активисттер билдиришти.

Жайыма койгула! Сууга аккан Барсбектин апасы ооруканага баруудан баш тартты
Буга чейин Ат-Башы суусуна кичинекей бөбөктүн түшүп кеткени айтылган. Барсбекти ӨКМдин куткаруучулары менен суучулдар бүгүнкү күнгө чейин издеп жатышат.

Активисттер табылган эркек үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан киши экенин болжолдошкон.

Чүй облустук милициясы ыктыярчылардын божомолун тастыкташты.

"16-апрель күнү Аламүдүн РИИБине 15-апрелде болжол менен саат 21.00дө 29 жаштагы Владимир Доложневич аттуу адам чыгып кетип, кайтпаганы тууралуу маалымат түшкөн", — дешти милициядан.

Сөөк табылгандан кийин ал жерге тартип сакчылары менен маркумдун туугандары барып, ким экени аныкталган. Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.