Коррупцияга шектелген Мамкаттоонун жетекчилери камалды

УКМК биометрикалык паспортту чыгарууда коррупцияга барган деп үч аткаминерди кармаган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. - Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жетекчилери УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине сот органдарындагы өздүк булак билдирди.

Мындай чечимди 17-апрелде Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Мамкаттоо биометрикалык паспорттордун эскиздерин көрсөттү
Белгилей кетсек, УКМК буга чейин биометрикалык паспортту чыгарууда тендерден уткан компания менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупцияга барган деп МККда иштеген үч аткаминерди кармаган.

Алар МККнын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев болчу.

Мунун натыйжасында 253 миллион 377 миң 750 сом максатсыз пайдаланылганы аныкталган.