Чуулуу экс-депутаттын төшүн кайрадан жылаңачтап чыккан сүрөтү жарыяланды

Динагүл Тасова бул сапар грузиялык дизайнердин колунан чыккан көйнөктү кийип чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Модель, экс-депутат Динагүл Тасова Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгына катышып, анда кийип чыккан көйнөгү интернет айдыңында көп сөздүн башы болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Чуулуу экс-депутаттын төшүн кайрадан жылаңачтап чыккан сүрөтү жарыяланды

Анда Тасова дене көрүнүп турган жука кездемеден тигилген көйнөктү көкүрөк капсыз кийип чыккан.

Модалуу көйнөктүн автору грузин дизайнери Кети Чхиквадзе экени айтылды.

Базарда апасы менен соода кылган модель кыз соцтармакта сөз болууда
Мындай маанайдагы сүрөт экс-депутаттын биринчи учуру эмес. Буга чейин да жарым жылаңачтанып чыккан. Анда декабрь айынын башында Fashion Night Astana мода көргөзмөсүнө катышкан. Анда подиумга кийип чыккан үлбүрөк көйнөктүн көкүрөк тарабы эч нерсе менен жабылган эмес. Сүрөтүн өздүк баракчасына жүктөгөндөн кийин казакстандык интернет колдонуучулар аны катуу сынга алган.

Ал 2018-жылдын ноябрь айында "Топ модель СНГ-2018" сынагынын жеңүүчүсү болуп, "Медиамодель" титулун алган.