Бишкектин чок ортосуна улуттук стилдеги тосмо орнотулду. Сүрөт

Кечкисин күңүрт түстөгү металл конструкцияcы жаркырап турат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкекте улуттук стилдеги декоративдик тосмолор орнотулуп жатканын мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, тосмолор Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктүн төрт тарабына орнотулат.

Тосмонун бардык деталдары "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан даярдалган.