Бишкектин борборунда балдарга арналган акция өттү. Сүрөт

Иш-чара жолдогу балдар кабылган кырсыктарды азайтуу аракетинде жасалып, "Келечектин коопсуздугу — балдардын коопсуздугу" деп аталды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы эски аянтта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык балдар үчүн атайын акция өткөрдү. Анда артисттер, киши куурчактар жана автоинспектор балдар алдына чыкты.

"Иш-чара жолдогу балдар кабылган кырсыктарды азайтуу аракетинде жасалып, "Келечектин коопсуздугу — балдардын коопсуздугу" деп аталды", — деп кабарлады Sputnik Кыргызстанга аталган башкармалыктын маалымат катчысы Тилек Оторов.

Ал кичинекейлердин жол кырсыктарына көбүрөөк кабылып жаткандыгын айтып, андыктан бул сапар да балдарга кооптуулук боюнча маалымат берүү максаты көздөлгөндүгүн кошумчалады.