Талашка түшкөн КСДП. Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылды

Экс-президент Юстиция министрлигинин жетекчилиги менен кызматкерлерин эле эмес, министрликтин ишин тескеген президент менен өкмөттүн аппаратындагы жетекчилерди да суракка алуу керек деп эсептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын бузулган укуктарын тезинен калыбына келтирүүнү талап кылды. Кайрылууну КСДПнын маалымат кызматы таратты.

Карамушкина КСДПнын айланасындагы чуу боюнча: мындай бетпактыкты көргөн эмесмин
Белгилей кетсек, Юстиция министрлиги КСДПнын жетекчилиги "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахмановдон аталган саясий партиясынын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын, жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө кабардама келип түшкөндөн кийин алмаштыргандыгын маалымдаган.

Атамбаевдин кайрылуусунда юстиция министри Марат Жаманкуловдун дарегине жазылган үч эскертүүгө жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун министрдин орун басары Максатбек Есеналиев менен көзмө-көз жолукканына карабай, аталган министрлик Мамлекеттик бирдиктүү реестрге мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизгени айтылат.

"Мыйзам бузган жорук даярдалып жатканы боюнча алдын ала толук маалымат берилген. Бирок Юстиция министрлиги өлкөнүн экс-президенти жетектеген ири саясий партиянын эскертүүсүн көңүл сыртында калтырып койгон. Мындай мамиле акыркы алты айдан бери уланып келүүдө. Бул көрүнүш министр менен орун басарларынын жазаланбай турганына ишеними күч экенин көрсөтүп турат", — деп айтылат кайрылууда.

Сагынбек Абдрахманов КСДПнын эсептеги акчасы менен мөөрүн талап кылды
Экс-президент Юстиция министрлигинин жетекчилиги менен кызматкерлерин эле эмес, министрликтин ишин тескеген президент менен өкмөттүн аппаратындагы жетекчилерди да суракка алуу керек деп эсептейт.

Мындан тышкары, аталган мыйзам бузууну Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоону талап кылып, Кылмыш жаза кодексине ылайык, сотко чейинки тергөө иштеринин башталышын кабарлап коюуну кошумчалаган.

Ал эми КСДПга жаңы лидер болуп катталган Сагынбек Абдрахманов жана анын тарапташтары бүгүн, 18-апрелде, маалымат жыйын өткөрүп, "Атамбаевдин доору бүткөнүн" айтып, эсептеги акчанын баарын өткөрүп берүүнү талап кылган.