Радио

Курманов: айрым тиркемелер сизди көзөмөлдөп жүрүшү мүмкүн

Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов дүйнөдө бир дагы тиешелүү компания интернет колдонуучунун коопсуздугун 100 пайыз камсыздай албастыгын айтты.
Sputnik
Курманов: айрым тиркемелер сизди көзөмөлдөп жүрүшү мүмкүн

Айрым тиркемелер катталуу үчүн электрондук почта, телефон номерин сурашат. Эгер бардык эле колдонуучулар бир электрондук почтаны же телефон номерди көрсөтөрүн эске алсак, кооптуулук жогору. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эч убакта социалдык тармак, электрондук почта жана башка керектелүүчү жерлерде бир эле сырдык сөздү колдонбош керек.

"Интернеттен көчүрүп алган бардык эле тиркемелер пайдалуу деп айтууга болбойт. Анткени тиркеме сиздин баскан-турган жериңизди, смартфон аркылуу колдонгон башка тиркемелерди каттай берүү мүмкүнчүлүгү бар. Экинчиден, кээ бирлерин атайын хакерлер иштеп чыгып, сиз тууралуу маалымат чогултуу үчүн колдонушу мүмкүн. Мындай зыяндуу тиркемени кантип аныктоого болот? Жөнөкөй колдонуучу тиркеменин кооптуулугун аныктап алууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан, жөн гана айрым эрежелерди сактоо керек. Бардык жерге бир сыр сөз колдонбоо, бардык тиркемеге бир гана электрондук почта аркылуу катталбоо, анан башкысы, кереги жок тиркемелерден өз убагында арылып туруу зарыл", — деди адис.

Ал ошондой эле хакерлердин дээрлик бардыгы көзөмөлдөөчү тиркемелер аркылуу колдонуучу тууралуу маалымат топтоп, аны опузалап акча талап кыларын кошумчалады.