Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын 2018-жылдагы ишине канааттанды

Депутаттар Жамшитов башкы прокурорлукка дайындалганда берген убадаларын аткарып, ишеничти актап жатканын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокуратуранын 2018-жылы жасаган иштерин канааттандырарлык деп таап, 109 депутат добуш берди.

Башкы прокурор былтыр канча адам ак жеринен айыпталганын айтты
Прокуратура органдарынын жасаган иштерин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өзү баяндады.

Депутаттар Жамшитов башкы прокурорлукка дайындалганда берген убадаларын аткарып, ишеничти актап жатканын айтышты.

Төрага Дастан Жумабеков Башкы прокуратурага 2019-жылы да ушундай эле иштерди аткарууну каалады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов эртең мененки саат 9:30дан саат 16:00гө чейин депутаттардын суроолоруна жооп берди.