БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШнын Миссисипи дарыясынын боюндагы шумкарлардын уясында үч балапан энеси жана эки атасы менен жашап жатат. Бул туурасында BBC жазды.
Энесинин аты – Старр, ал эми аталарынын аттары Валор I жана Валор II экен.
Кызыккандар аларды түз эфир менен көрө алышат.
Окумуштуулар адаттагыдан башкача бир окуяга күбө болгон. Мындай көрүнүш, адистер байкап жазып калгандарын эске салсак, үч ирет катталыптыр. Биринчиси – 1977-жылы Аляскада, экинчиси — Миннесотада 1983-жылы, ал эми кийинкиси Калифорнияда 1992-жылы кездешкен дешти.
Мурдагы окуяларда чоочун шумкарлар чоочун эле балапандарды канатына калкалап багып келсе, бул ирет шумкарлар кадимкидей эле ата-энеси экени айтылат. Кызыгы, эки эркек, бир ургаачы канаттуулар көп кыйынчылыкты башынан өткөрсө да, бири-бирин таштап кетпей бир үй-бүлө болуп жашаганы.
Валор I, Валор IIнин жумурткаларын Стар өзү басып чыгарган.
Бул көрүнүштөн кийин окумуштуулар Миссисипинин боюндагы бул уяда эмне болуп жаткандыгын күнү-түнү карап туруу үчүн атайын камера орнотушкан.
Алардын башкача жашоосу 2013-жылдан тарта башталгандыгын айтышат. Анда алардын бири башка, Хоуп аттуу ургаачы шумкар болгон дешти. Алгач, Валор I менен жакшынакай эле жашап жүрүп, балапандар пайда болгондон көп өтпөй бир күнү эркеги жок болуп кеткен.
Бирок төрт жылдан кийин кырсыктуу окуя болуп, ата-шумкарлар ургаачысынан — Хоуптан айрылат. Окуя төмөнкүчө болгон. ...Коруктун кызматкерлери 2017-жылдын 24-мартында чоочун дагы эки шумкар келип, уяга чабуул жасагандыгын эстешти. Бир саатка жакын "салгылашуудан" кийин Хоуп дайынсыз жок болуп кетип, ошол бойдон кайткан эмес. Анын тагдырын окумуштуулар да билбестигин айтышты.
Эртеси күнү баягы эки шумкар келип дагы чабуул жасаганы менен үй-бүлө болуп калган берки эки эркек канаттуулар (Валор I менен Валор II) балапандарды коргоп, баскынчыларга "татыктуу жооп берген". Эки шумкар балапандарды өстүрүп, уядан учурган.
Жашоо аны менен токтоп калбастан, күзүндө алар жаңы жубайын — Старды табышкан. Ошондон бери алар тукумун улап, учурда үч балапанды багып жашап келе жатышат.