УКМК 80 килограммдан ашык баңгизатын отко жагып жок кылды. Сүрөт

Баңгизатын жок кылуу учуруна комиссия өкүлдөрү менен журналисттер катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 81 килограммдык баңгизатты отко жагып жок кылды.

Ведомстводон билдиришкендей, баңгизат 14 кылмыш ишинин алкагында тергөө ишинин далили катары алынган.

"48 килограмм героин менен 33 килограмм гашиш "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын от казанына жагылды", — деп айтылат маалыматта.

Баңгизатын жок кылуу учуруна комиссия өкүлдөрү менен журналисттер катышкан.