Радио

Нышанов: темир ооз комуздун жаралганына 2000 жыл болду

"Устатшакирт Плюс" коомдук фондусунун көркөм жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Нурланбек Нышанов темир ооз комузунун пайда болушу болоттун жаралышы менен байланыштуу экенин айтты.
Sputnik
Нышанов: темир ооз комуздун жаралганына 2000 жыл болду

Кыргыз улутунда жыгач ооз комузу музыкалык аспап катары 5000 жыл илгери эле пайда болсо, темир ооз комузунун жаралышы болоттун пайда болушу менен байланыштуу. Мындай бүтүмдү окумуштуулар чыгарганын Нурланбек Нышанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, темир ооз комузун дүйнөдө 800дөй этникалык топ өзүнүн улуттук музыкалык инструменти деп эсептейт.

"Темир ооз комузу - дүйнөгө кеңири жайылган музыкалык аспаптардын бири. Анын тили болоттон, жаагы кара темирден жасалат. Кыргыздардын темир ооз комузу башкалардыкынан күү черте алганы менен айырмаланат. Башка бир дагы улуттун темир ооз комузуна күү түшпөйт, жөн гана кыска коштоочу добуштарды чертишет", — деди музыкант.

Ал аталган музыкалык аспап тууралуу "Манас" эпосунда кенен баяндаларын кошумчалады.