Тарых музейи менен ипподром боюнча кылмыш иши бир ай ичинде сотко өтөт

Депутат Эмил Токтошев тарых музейинин айланасындагы иштер учурда эмне болуп жатканына кызыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподром боюнча кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилгенин Жогорку Кеңеште отчет берип жатып айтты.

Депутат Эмил Токтошев Тарых музейинин айланасындагы иштер учурда эмне болуп жатканына кызыкты.

Башкы прокурор өз сөзүндө эки кылмыш иши боюнча мамлекетке 247 миллион 650 миң 282 сом зыян келтирилгенин айтып, анын ичинен ипподром боюнча 145 миллион 959 миң 482 сом, музей боюнча 141 миллион 690 миң 800 сом экенин кошумчалады.

Маданият министри тарых музейинин ачылбай жаткан себебин айтты
Жамшитов ошондой эле бул кылмыш иштери боюнча алты адам шектүү катары айыпталып жатканын айтып, тергөө аяктай электигин, бирок бир айдын ичинде иш сотко өтүп калышы ыктымалдыгын айтты.

Эске салсак, 2018-жылдын башында Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен жеринде таанышып, 2018-жылдын март айында ачылары маалым болгон.

Бирок май айында депутаттар Тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгып, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ал эмеректердин баасын жарыялаган.

Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү иштерин баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алууга бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон.