Кыргызстанда калысты сөгүп салган машыктыруучу айыпка жыгылды

Машыктыруучунун айтымында, Шекербеков анын командасына күн мурун эле начар мамиле кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Футбол федерациясынын дисциплинардык комитети "Алга" клубунун машыктыруучусу Руслан Сыдыковду үч оюндан четтетип салды. Бул тууралуу федерациянын расмий сайтында жарыяланды.

7-апрель күнү Кыргызстан чемпионатынын биринчи турунда борбор калаанын “Алга” командасы менен Кочкор-Атанын “Нефтчиси" күч сынашкан.

"Машыктыруучу Руслан Сыдыков финалдык ышкырыктан кийин калыстарга нааразы болуп, аларды сөккөн. Башкы рефери Рысбек Шекербековдун айтымында, машыктыруучу калыстардын кийинүүчү бөлмөсүнүн эшигин ачып туруп тилдеген”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми Сыдыковдун билдиргенине караганда, Шекербеков анын командасына күн мурун эле начар мамиле кылган.

Мындан соң комитет Сыдыковду үч оюндан четтетип, 30 миң сом айыпка жыкты.