Мамлекетке 380 млн. сомдук жер тилкелери кайтарылды

Жерлер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Былтыр мамлекетке жалпы наркы 380 миллион сом турган жер тилкелери кайтарып берилди. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. 

Мамлекетке 380 млн. сомдук жер тилкелери кайтарылды

Анын айтымына караганда, мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык объектилер менен жер тилкелерин кайтаруу боюнча иштер уланууда.

"Прокуратура органдары мамлекетке 158 жер тилкесин кайтарып берди, анын жалпы аянты 188 гектарды түзүп, баасы 380 миллион сом болду", — деди Жамшитов.

Ал мамлекеттин менчигине беш мектеп менен бир канча бала бакчалар кайтарылып берилгенин кошумчалады.