Өзгөндө эсине келбей ооруканада көз жумган кишинин ким экени аныкталбай жатат. Сүрөттөр

Маркум буга чейин жалданма жумуштарда иштеп келгени айтылууда.
Sputnik

ОШ, 17-апр. – Sputnik. Ош облустук милициясы эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшүп, өзүнө келе албай каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо үчүн жардам сурап жатканын облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Ага ылайык, 15-апрель күнү саат 16:00дөр чамасында аты-жөнү белгисиз, азиат улутундагы, жашы болжол менен 55-60 жаштагы эркек кишини Өзгөн шаарындагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Тез жардам кызматы алып келген. Бирок бейтап эсине келбей каза болгон. 

Өзгөндө эсине келбей ооруканада көз жумган кишинин ким экени аныкталбай жатат. Сүрөттөр

Иликтөөнүн жыйынтыгында маркум Өзгөн шаарынын аймагында ар кандай жалданма жумуштарда иштеп, устачылык кылып, өзүн Айтибай деп тааныштырып жүргөндүгү белгилүү болду. 

Өзгөндө эсине келбей ооруканада көз жумган кишинин ким экени аныкталбай жатат. Сүрөттөр

Бирок анын кайсы жердин тургуну экени жана толук аты-жөнү белгисиз. Маркумдун сөөгү учурда Өзгөн шаардык аймактык бейтапканасынын өлүкканасында сакталууда.

Өзгөчө белгилери: арыкчырай, чачы кара, ак баскан, бою болжол менен 165-170 сантиметр, кара тору, көзү көгүш, алдыңкы үч тиши сары металлдан жасалган. Эки көзүнүн үстүндө калдары бар.

Эгерде сүрөттөгү жаранды тааныгандар же билгендер болсо (03233) 5-06-36, 0777-00-29-24, 0778-48-63-58 телефон номерлери аркылуу байланышса болот.