Кар көчкү түшөт! ӨКМ эскертүү берди

Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жаап өткөн жаан-чачындан улам 17-апрелден 19-апрелге чейин тоолуу райондордо кар көчкү түшө турганын ӨКМ эскертти.

Маалыматта Бишкек — Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 223-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөрү жазылат.

"Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот", — деп айтылат тараткан билдирүүдө.

Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керектигин белгиледи.