"Коопсуз шаардын" камерасын талкаламакчы болгон милиционерге чара көрүлдү

Окуя болгон учурда милиционер мас болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузууларды каттоого алып турчу көчмө камераны талкалоого аракет кылган милиционер кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, окуя 21-февраль күнү кечке маал болгон. Беш-Күңгөйгө көчмө камера орнотуп жаткан "Вега Оперейтинг" компаниясынын кызматкерине эки адам келип, эч себепсиз ишине жолтоо болуп, камераны талкалоого аракет кылышкан

Сокулукта машина коюп кеткен киши каза болду. Милиционер шектелүүдө
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазыктар кодексинин 119-беренеси ("Майда ээнбаштык") менен кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон учурда милиционер мас болчу. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери келген маалда аларга баш ийбей, чатак салган. Мындан улам ИИМдин Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү чакырылган. Аларга дагы каршылык көрсөтүп наркологиялык борборго баруудан баш тарткан.

Чуулуу видеонун каарманы өзү жогоруда айтылган Ички иликтөө кызматынын кызматкери болгон. Окуя болгон учурда ал эмгек өргүүдө жүргөнү айтылат. Бирок 22-февралда кайрадан жумушка чыкмак.

Ички иликтөө амалдарынан кийин ал кызматтан кетирилди.