БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 11-класстар үчүн "Алтын тамга" тестирлөөсү 8-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Тестирлөө "Алтын тамга" аттестатын алам деген бешке окуган балдар үчүн уюштурулат.
Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация төмөнкү предметтер боюнча өтөт:
- Эне тил жана адабият — кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты;
- Алгебра (тестирлөө);
- Кыргызстандын тарыхы (тестирлөө);
- Химия (тестирлөө).
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, бардык типтеги жалпыга билим берүү уюмдары аттестатка талапкерлердин тизмесин 26-апрелге чейин Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Мектепке чейинки, мектеп жана мектеп тышында билим берүү башкармалыгына жөнөтүшү керек.