Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү

Тилсиз жоо менен кармашууга 400дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган. Имараттын урап калуу коркунучунан улам авиация техникасын колдонуудан баш тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул турасында Figaro гезити жазды.

Өрт өчүрүүчүлөр жалын кайра тутанып кетпеши үчүн бардык жерди текшерип, ысык конструкцияларды муздатып, дубалдарды да карап жатышат.

Дүйнөгө атагы чыккан чиркөөдө өрт 15-апрелде саат 18.50дө (Бишкек убактысы боюнча 22.50) чыккан. Мунун кесепетинен чатыры урап түшүп, жалын тиреп турган конструкцияларды каптаган, маңдай тарабы күйүп кеткен, ал эми эки мунараны сактап калууга жетишишкени айтылат.

Нотр-Дам чиркөөсүнүн чатыры толугу менен урап түштү
Учурда чиркөөдө реставрация иштери жүрүп жаткандыктан имараттын жарым бөлүгү жабык болчу. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына оңдоо иштеринин байланышы болушу ыктымал. Тегерек-четинде тактайлар көп болгону маалымдалды.

Тилсиз жоо менен кармашууга 400дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган. Имараттын урап калуу коркунучунан улам авиация техникасын колдонуудан баш тартышкан.

Париж бийлигинин билдиришинче, чиркөөдөгү таберик буюмдарды сактап калууга мүмкүн болгон. Бул тарыхый чиркөөнүн курулушу 1163-жылы башталып 1250-жылы толугу менен бүткөн.

Ошондон кийин бир нече ирет оңдолуп, кеңейтилген. Чоң чиркөө акырындык менен урап түшө баштаганда аны сактап калууга Виктор Гюгонун чыгармасы себеп болгон. "Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү" романы 1831-жылы жарыялангандан кийин реставрациялоо иштери башталып 23 жылга созулган.