Нотр-Дам чиркөөсүнүн чатыры толугу менен урап түштү

Чиркөөдө өрт жергиликтүү саат боюнча 18:30дар чамасында башталган.
Sputnik

Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнүн чатыры толугу менен урап түштү. Бул тууралуу RT телеканалынын Telegram каналында маалымдалды.

Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсү өрттөндү. Видео
Ага ылайык, тилсиз жоо имаратты толук кучагына алып жатат.
Чиркөөдө өрт жергиликтүү саат боюнча 18:30дар чамасында башталган.

Өрттөн улам Франциянын президенти Эммануэль Макрон "Жашыл күрмөчөндөрдүн" талабы боюнча элге жасай турчу кайрылуусун кийинкиге жылдырды.

Чиркөөдө реставрация иштери жүрүп жаткандыктан имараттын жарым бөлүгү жабык болчу. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына оңдоо иштеринин байланышы болушу ыктымал.

Жеринде өрт өчүрүүчү кызмат иштеп жатат.