Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт

Киши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Тоскоол айылынын Алаш тоосунда жардан кулап кеткен 41 жаштагы киши табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 15-апрель күнү болгон. Кырсык тууралуу куткаруучуларга саат 23:45те кабарланган. Алар издөө иштерин түнкү саат 02.40ка чейин жүргүзүп, бирок андан майнап чыккан эмес. 

Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт

"Бүгүн, 16-апрелде, куткаруучулар эртең мененки саат 07:40та жабырлануучуну таап, саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.

Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт

Киши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык.