Дарыгерлер: башты жумасына эки ирет гана жууш керек

Адистердин ырасташынча, ысык сууда жатуу терини тез карытат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Москвалык дарыгерлер ысык суу куюлган ваннада беш мүнөттөн ашык жатпоо керектигин сунушташат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгерлер айта албаган нерсе ачыкталды! Мурдагы медиктин ызалуу маеги
Шаардык ден соолук департаментинин бөлүм башчысы Василий Фроловдун айтымында, 40 градус ысык болгон сууда 5 мүнөттөн ашык жатпаш керек. Ал эми 35 градустагы ысык сууда 15 мүнөткө чейин жатса болот.

Адистердин ырасташынча, ысык сууда жатуу терини тез карытат. Андан сырткары, мочалканы тез-тезден колдонуу териге микрожаракат алып келет. Ошондой эле башты күн сайын жууган болбойт, жумасына экиден көп эмес жолу жууп туруу жетиштүү.