Баланы кандай учурда эмдетүүгө болбойт. Дарыгердин түшүндүрмөсү

Баланы таптакыр эмдөөгө болбой турган учурлар өтө сейрек кездешет. Анда дагы бардык эмдөө эмес, бир-экөө гана "жараксыз" болушу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Баланы эмдөөгө бөгөт кое турган жагдайлар жана аллергиясы бар бөбөктөргө аны кантип туура жасоо керектигин мурдагы санитардык дарыгер, академик Геннадий Онищенко Sputnik Казакстан агенттигине айтып берди. 

Биринчиден, сасык тумоо, ОРВИге кабылган балдарды айыккандан кийин бир ай ичинде эмдегенге болбойт. Экинчиден, ар бир эмдөөнүн ортосундагы убакыт жок дегенде эки ай болушу керек.

"Иммунитети төмөн же аллергиясы бар балдарга эмдөө эки эсе зарыл. Анткени мындай бөбөктөр бат-баттан ооруп, кыйынчылык менен сакайышат. Буларга эмдөө стационардык шартта жасалат. Ага чейин баланы аллергиялык реакцияларды төмөндөтүүчү дарылоо курстарынан өткөрүшөт", — деди дарыгер.

Дарыгерлер айта албаган нерсе ачыкталды! Мурдагы медиктин ызалуу маеги
Баланы таптакыр эмдөөгө болбой турган учурлар өтө сейрек кездешет. Анда дагы бардык эмдөө эмес, бир-экөө гана "жараксыз" болушу мүмкүн.

Баса, жакында эле Баткенде эмдөөгө байланыштуу чуулуу иш болду. №3 мектептин 15 окуучусу ийне сайдыргандан кийин өздөрүн начар сезип, ооруканага түштү. Саламаттык сактоо министрлиги буга вакцинанын тиешеси жок экенин айтып, окуучулар ийне сайганда чочуп, илимий тил менен айтканда, психогенндик мүнөздөгү реакция болду деп түшүндүрүштү.