Радио

Кулмендеев: "Ак илбирс" академиясын түзүү пландалууда

"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таалайбек Кулмендеев иш-чара 26-апрелде өтөрүн, быйыл сегизинчи жолу тартууланарын айтты.
Sputnik
Кулмендеев: "Ак илбирс" академиясын түзүү пландалууда

"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын негизинде "Ак илбирс" академиясын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, академия кинонун чыныгы багытын аныктап, өсүшүнө салым кошмокчу.

"Ак илбирс" сыйлыгы өзү калыптанып, ордун таап калды. Эми ошол сыйлык алгандардын башын бириктирип, бир академия түзөлү деп жатабыз. Ал Орто Азия өлкөлөрүнүн кинематографисттеринин "Ак илбирс" акдемиясы аталып, кинонун чыныгы багытын аныктап, өсүшүнө салым кошо турган бирден-бир мекеме болуп калат. Ошондой эле өлкөдөгү кино жаатындагы иш-чаралардын баары түзүлө турган академиянын негизинде өтөт", — деди Кулмендеев.

Ал ага "Ак илбирс" статуэткасынын ээлери мүчө боло турганын кошумчалады.