БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон эки күндүк иш сапарына беш чиновник жана үч депутат коштоп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тизме:
- Айдарбеков Чыңгыз Азаматович — тышкы иштер министри;
- Сыдыков Данияр Батырович — президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси;
- Оторбаев Эринес Мотойович — Кыргызстандын Германиядагы элчиси;
- Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — Жогорку Кеңештин депутаты;
- Алтынбеков Айбек Алтынбекович — Жогорку Кеңештин депутаты;
- Жунус уулу Алтынбек — Жогорку Кеңештин депутаты
- Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековна — финансы министри;
- Панкратов Олег Михайлович — экономика министри.
Жээнбековду Мюнхен шаарынан Кыргызстандын элчиси Эринес Оторбаев менен шаардык бийлик өкүлдөрү тосуп алды.
Аталган шаарда бүгүн экономикага байланышкан иш-чаралар өтөт. Эртең мамлекет башчысы Берлин шаарына учуп барып, президент Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркель жана Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугат.