Жалал-Абадда февралда жоголгон кыздын сөөгү талаадан табылды

Ал 18-февралда үйүнөн чыгып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддын тоолуу Мурзок аймагында бактын түбүнөн эки ай мурда жоголуп кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Сөөк 14-апрелде саат 14:30дар чамасында табылган.

"Кызды туугандары анын буюмдары аркылуу тааныды", — дешти милициядан.

Кыздын жакындарынын айтымында, ал үйдөн чыгып кетердин алдында асыранды бала экенин билип алган.

Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Облустук милициянын маалыматы боюнча анын денесинен эч кандай мыкаачылыктын белгилери байкалган эмес.