УКМК төрагасынын орун басары дайындалды

Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп Мирлан Тургунбеков дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Мирлан Тургунбеков УКМКнын төрагасынын орун басары — Антитеррордук борбордун директору болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.