БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. АКШлык медиктер онкологиялык оорунун 10 баштапкы белгисин аташты. Бул тууралуу "Известия" жазып чыкты.
Организмдеги өзгөрүүлөргө көңүл буруп, айтылган белгилер байкала турган болсо, дароо врачтарга кайрылуу сунушталат.
Рактын белгилери:
- чарчоо;
- арыктоо;
- дене-бойдун ооруксунушу;
- териде түшүнүксүз нерселердин пайда болушу;
- чыйрыгуу;
- теринин бузулушу;
- жөтөлүү;
- табарсыктын же тамак сиңирүүчү органдын функциясынын бузулушу;
- кансыроо;
- тамакты жута албай кыйналуу.