Ошто Роза Рымбаева баштаган ырчылардын концерти болот. Кирүү акысыз

Эл аралык салтанаттын ачылышына Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстандын өнөрпоздору катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ушул жумада "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык салтанатынын расмий ачылышы болот. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Ачылыш аземдин алкагында келген коноктор жана шаар тургундары үчүн 20-апрель күнү кечки саат 19:00дө Ош шаарынын Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионунда концерттик программа тартууланат.

Бишкекке "Ялла" тобу менен ырчы Согдиана келет
Маалыматка ылайык, концертте түрк тилдүү мамлекеттердин курама бий топтору, Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, якутиялык этно стилдеги аткаруучу Юлияна Кривошапкина катышат. Ошондой эле Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекеттик бий ансамблдери, Казакстандын "Казына", "Жорга", "Шолпан" бий ансамблдери, Өзбекстандын "Тумор" бий ансамбли, Кыргызстандын "Шаттык" элдик бий ансамбли жана курама эл аспаптар оркестрлери коштойт.

Мындан тышкары, эл аралык конкурстардын лауреаттары Кенже Көбөкова, Жоламан Үсөн уулу, КР эмгек сиңирген артисти Элнура Самарбекова, Гүлзада Рыскулова, Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев, Нурайым Азыкбаева, Назбек Кенчинбаев, Айпери Кулбаева, Ырыскелди Осмонкулов, Асылбек Өзүбеков, Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова, Темир Назаров жана башка ырчылар элге майрамдык концерт тартууламакчы.