Өкмөт айдоо жердин аянтын көбөйттү

Акыркы жылдары жерди өздөштүрүү жолго коюлуп жатканы маалыматта айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Былтыркы жылы республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1214,9 миң гектарды түзгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 8,3 миң гектарга көп. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мында буудайдын айдоо аянты 2017-жылга салыштырмалуу 3,9 миң гектарга, арпаныкы 0,4 миң гектарга көбөйгөн.

"2019-жылдын 1-январына карата 1051 чарба субъектилери 2348,6 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасын орнотушту. Аны менен катар 2466 чарба субъектилери тарабынан түрдүү типтеги күнөсканалар курулуп, алар азыркы мезгилде ийгиликтүү иштеп жатат. Күнөсканалардын аянты 2017-жылга салыштырмалуу 17,8 гектарга көбөйүп, учурда 173,7 гектарды түзөт", — деп айтылат маалыматта.

2017-2026-жылдарга өлкөнүн ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында 66,5 миң гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү каралууда.