Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү күйүп жатат. Видео

Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:50дө башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Франциянын борбору Париж шаарындагы Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт чыкты. Бул тууралуу RT France телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, чиркөөнүн ичиндеги бардык кишилер коопсуз жайга чыгарылды.

​Чиркөөнүн жетекчилигинин берген маалыматына ылайык, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:50дө башталган.

​Учурда реставрация иштери жүрүп жаткандыктан чиркөөнүн жарым бөлүгү жабык болчу. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына оңдоо иштеринин байланышы болушу ыктымал.