Бус 20 метрдей сүйрөп кеткен. "Жашылчарба" кызматкери тууралуу маалымат берди

Жабырлануучу учурда ооруканада жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы бүгүн эртең менен жол кырсыктан жабыркаган кызматкери тууралуу маалымат берди.

Бишкектин чет жакасында үч машина кагышып, биринин тамтыгы чыгып калды. Сүрөт
15-апрелде, дүйшөмбү күнү, Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде эл ташыган бус мотороллер тээп бараткан кишини коюп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, маршрутка кишини 20 метрдей сүйрөп кеткен.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиеванын айтымында, жабыркаган Назырбек Бердибаев ооруканада жатат. Аны башындагы шлеми аман алып калган. Кырсыктын кесепетинен мээси чайкалып, башынан жаракат алган. Ошондой эле эти чоюлуп, денеси көгала болуп калган.

"Назырбек Бердибаев биздин эң мыкты кызматкерлердин бири, грамота дагы алган. Ал мотороллери менен чөп тегиздегич, көчөт жана гүлдөрдү ташыйт. Милдетин так аткарган жоопкерчиликтүү, боорукер адам. Ал 40 жашта. Кырсык болгонуна байланыштуу бүгүн баласынын туулган күнүнө бара албайт. Үй-бүлөсү кабатыр болуп жатат", — деп Айдаралиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ведомство кырсыкка күбө болгондорду 0709399977 номери аркылуу байланышууга чакырат.