Абактардагы жумуш орундары. Турганбаев түрмөлөрдү кыдырды

Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясында бышкан кыш чыгарган завод иштей баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясына барып, анын иши менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Турганбаев ал жактан кытай жарандары тарабынан ижарага алынып иштетилип жаткан куюучу (литейный) заводду көрдү. Бул жерде арматура чыгарылат.

Маалымат боюнча 10 жылдан бери аталган заводдон колония бир да тыйын албайт. ЖАМК жетекчиси түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгууну тапшырды.

Таласта абактагы жалгыз кишини жаман шартта кармаган жетекчи иштен кетти
Ошондой эле бул жерде жеке компаниялардын бири бышкан кирпич чыгарууну пландап жатат. Аталган компания Беловодское айылындагы №16 түзөтүүчү колонияда кирпич чыгарып, соттолгон жүз кишини жумуш менен камсыз кылган.

Эми №1 түзөтүү колониясында да бышкан кирпич чыгарылып, 90дой киши жумуш менен камсыз болмокчу. Бир сезондо инвесторлор 5 миллиондон ашык кирпич чыгарууну пландоодо.