Германия Сооронбай Жээнбековду кантип тосуп алды. Видео

Кыргызстандын президенти Германияга расмий сапары менен келди.
Sputnik

Сооронбай Жээнбеков Германияга учуп кетти. Сапардын программасы
Жээнбековду Мюнхен шаарынан Кыргызстандын элчиси Эринес Оторбаев менен шаардык бийлик өкүлдөрү тосуп алды.

Аталган шаарда бүгүн экономикага байланышкан иш-чаралар өтөт. Эртең мамлекет башчысы Берлин шаарына учуп барып, президент Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркель жана Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугат

Расмий сапардын соңунда эки тараптуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүчү бир катар документтерге кол коюлмакчы.