100дөй куткаруучу издөөгө чыкты. Чүйдө сууга чөккөн наристе табылбай жатат

Бөбөк 11-апрель күнү Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар бала дагы деле табылбай жактандыктан, бүгүнкү издөө иштерине 100дөй куткаруучу чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 11-апрель күнү бөбөк Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен. Алгачкы күнү аны издөөгө 11 куткаруучу тартылган. 

100дөй куткаруучу издөөгө чыкты. Чүйдө сууга чөккөн наристе табылбай жатат

"Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында саат 09.30да Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата, Москва райондорунан жана Токмок шаарынан жалпысынан 99 куткаруучу чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

100дөй куткаруучу издөөгө чыкты. Чүйдө сууга чөккөн наристе табылбай жатат

Издөө иштери Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин жүргүзүлмөкчү.