Бишкекте маршрутка "Жашылчарбанын" жумушчусун коюп, 20 метрдей сүйрөп кетти. Сүрөт

Жол кырсыгы эртең менен саат 7:20лар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жүргүнчү ташыган бус Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен мотороллер тээп бараткан "Бишкекжашылчарба" ишканасынын кызматкерин коюп кетти. Кырсыктын сүрөтүн күбө Facebook баракчасына жарыялады.

Шаардык ЖКККБ кырсык болгонун ырастап, жол кырсыгы саат 7:20лар чамасында болгонун билдирди.

Ага ылайык, маршруттук такси батышты көздөй баратып, мотороллер тээп бараткан кишини коюп кеткен. Жабыркаган киши ооруканага жеткирилди.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын маалымат кызматы жабыркаган киши алардын кызматкери экенин билдирип, бус аны 20 метрдей сүйрөп кеткенин кабарлашты. Кызматкердин ден соолугу тууралуу маалымат кийин берилерин маалымдашты.