Роликти көргөн шаардыктар Бишкектин мындай көрүнүшүнө таңгалышы мүмкүн. Алдына видео 2019-жылдын жаз айында тартылганы жазылган. Эки мүнөттүн ичинде 17 жерди ар кыл тарабынан көрүп чыгууга болот. Жымыңдаган түнкү отторго оронгон көчөлөр, үйлөр, мечит, чиркөө, ири имараттар көзгө урунат.
Бул таланттуу адамдын Instagram баракчасынан Кыргызстан жана анын шаарлары туурасында асмандан тартылган көп видеолору менен сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Анын эмгегин — видеолорун кыргызстандыктарга эле эмес, чет жактарга да сыймыктануу менен көрсөтүүгө, өлкөнү кооз, сулуу жагынан таанытууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Дудин кээде жаратылыштын сүрөттөрү менен да бөлүшүп турат.
Айтмакчы, Михаил Дудин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мурдагы кызматкери. Ал интернеттин кыргыз сегментиндеги аудио китеп жаатындагы мыкты эмгектердин бири — "Сынган кылычтын" техникалык авторлорунун бири. Анын колунан романдын интерактивдүү картасы менен аудио китептин сайтка жайгаштырылган түрү жаралган.